• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте сугат мезгилине карата даярдыктар жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы сугат мезгилине карата даярдыктарды жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Алсак, ишкананын кызматкерлери шаардын Гагарин, Абдрахманов, Горький, Москва, Калинин көчөлөрүндө ирригацияларды тазалоодо.

Белгилей кетсек, буга чейин жашылчарбачылар Токомбаев, Айтиев, Абдрахманов-Пушкин, Жибек-Жолу, Тоголок Молдо, Үсөнбаев көчөлөрүн жана Тынчтык проспектисин тазалашкан.

Пикир

Оставить комментарий