• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкекте сугат системаларына тоскоолдук жараткан объектилер алынды

Коом 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Учурда борбор калаада сугат системаларын калыбына келтирүү иштери аткарылып жатат. Бул тууралуу Бишкек шардык мэриядан кабарлашты.

“Герцен, Гоголь, Москва, Үсөнбаев, Бөкөнбаев көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөрүнүн аймагын сугат суу менен камсыздоо үчүн сугат системаларын оңдоп-калыбына келтирүү иштерин жасоо керек”, - деп айтылат маалыматта.

Оңдоп-калыбына келтирүү иштеринин алкагында Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан 7 дүкөн, 1 гараж, 47 метрлик темир тосмо алынган.

Мэрия белгилегендей ал объектилер муниципалдык жерде уруксаты жок орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий