• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте сурдо грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн ачык чемпионаты өттү

Спорт 0

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/. Бишкекте сурдо грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн ачык чемпионаты өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-январь күнү судро грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн ачык чемпонаты өтүп, ага жалпы 30дан ашык балбан катышты.

Ачык чемпионаттын ачылыш аземине Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти Дамир Асылбек уулу, Кыргызстандын дүлөйлөр спорт кыймылы уюмунун президенти Арам Акопян жана грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын спортчулары катышты.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери тиешелүү даражадагы диплом, медалдар менен сыйланышты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
55 кг
1-орун – Алтынбек Сатибеков;
2-орун – Дилзат Өмүралиев;
3-орун – Тариэл Сатыбеков;
60 кг
1-орун – Смадияр Жумакадыров;
2-орун – Абдурасул Исмаилов;
3-орун – Темирлан Оматбеков.
63 кг
1-орун – Сыргак Раимбеков;
2-орун – Сыймык Чолпонбеков;
3-орун – Эсен Эмильбеков.
67 кг
1-орун – Дилмухаммед Бигелидев;
2-орун – Илья Мартавитский ;
3-орун – Артем Карчагин.
77 кг
1-орун – Дастан Рысбаев;
2-орун – Акрам Абайдулаев;
3-орун – Саят Кубаныч уулу.
87 кг
1-орун – Алишер Шамшидинов;
2-орун – Алан Бактияров;
3-орун – Эрбол Жумабаев.
130 кг
1-орун – Миляс Маков;
2-орун – Бахром Купбанов;
3-орун - Бакыт Нурланбеков.

Пикир

Оставить комментарий