• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 25.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бишкекте сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бир күн ичинде бейтапкандан 1 медкызматкер сакайып чыкты.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 280 учур катталды, алардын ичинен 231 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 25-майга карата Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясынын жаңы 30 учуру аныкталып, жалпы 1433 учурга жетти. Алардын ичинен 280и медицина кызматкери. Илдеттен 992 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий