• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте сууда сүзүү боюнча машыктыруучуларга чемпиондорду даярдоонун ыкмалары окутулууда

Спорт 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. 4-8-апрелде Бишкекте “Сууда сүзүү боюнча машыктыруучулар үчүн клиника” аттуу семир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамагенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Улуттук олимпиада комитети КРнын сууда сүзүү федерациясы жана Эл аралык сууда сүзүү федерациясы менен биргеликте уюштурган.

Иш-чаранын ачылышына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов, КРнын улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов, КРнын сууда сүзүү федерациясынын президенти Уланбек Акматбаев, Эл аралык сууда сүзүү федерациясынын инструктору Геннадий Климчук катышты.

К.Аманкулов белгилегендей, Кыргызстанда чындыгындай эле жакшы сүзүүчүлөр жана ынтымактуу команда бар, мындай иш-чараларды уюштуруу машыктыруучулар курамы үчүн өтө пайдалуу. “Анткени машыктыруучу спортчу менен эң көп убакытын өткөрөт эмеспи. Спортчуга карата мамиле жана алардын машыктыруучу менен болгон бирдиктүү аракеттери спорттук артыкчылыктарга жетүүнү эле шарттабастан, спортчунун өсүүсүнө дагы чоң таасир этет. Барыңыздарга ийгилик жана ишиңиздердин жемиштүү болушун каалайм”,-деди К.Аманкулов.

Семинардын программасына теориялык жана практикалык бөлүмдөр киргизилди. Машыктыруучуларга дүйнөгө белгилүү машыктыруучулардын ыкмалары боюнча окутулуп, чемпиондорду даярдоо боюнча ар түрдүү тажрыйбалар айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий