• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте сууда сүзүү мелдеши өтөт

Спорт 0

Бишкек, 21.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте 15 жана 16-декабрда “Дельфин” бассейининде сууда сүзүү боюнча өлкө Кубогу өтөт.

КРнын спорттун бул түрү боюнча федерациясынан билдиришкендей, иш-чаранын максаты – суучулдардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, спорттун бул түрүн жайылтуу, КРда сууда сүзүүнү өнүктүрүү, спорттук жыйынтыктарды жогорулатуу жана курама команданы тандоо.

Мелдештерде КРнын күчтүү суучулдары, “Дельфин” спорттук мектебинин, Ош шаардык “Жаштык”, “Радуга” с/к, №69, №68, Family sport спортчулары катышат.

Спортчулар брасс, эркин, далысында, баттерфляем, комплекстүү сүзүү түрлөрү менен сүзүшөт.

Пикир

Оставить комментарий