• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте сууга чөгүп кеткен аялды издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 18.06.22. /Кабар/. Бишкекте Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 37 жаштагы аялды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-июнунда Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналынын жээгинен 37 жаштагы И.Е. аттуу аял кишинин кийимдери табылган.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн жерине ӨКМден 12 куткаруучу тартылган. Издөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий