• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте сууга түшүп кеткен адамды издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Бишкекте сууга түшүп кеткен адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Ч.Валиханов көчөсүндө каналга (быстроток) 1986-жылы туулган С.Т. аттуу эркек киши түшүп кеткен.

19-октябрь күнү ӨКМден 8 куткаруучу тартылган, бирок натыйжа болгон эмес.

Бүгүн, 20-октябрь күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий