• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте суук түшкөндө үй-жайсыз адамдар үчүн баш калкалоочу жайлар ачылат

Коом 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Суук түшкөн мезгилде баарынан мурда үй-жайсыз адамдарга оор болот. Аларга минималдуу социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн Бишкек мэриясы тарабынан туруктуу жана убактылуу баш калкалоочу жайлар уюштурулат.

Биринчи Май районунун аймагындагы Жибек Жолу, 413 дарегинде “Коломто” муниципалдык үйү бар. Ал жерде үй-жайсыз адамдарга бир маал тамак берилип, 70тен 100 адамга чейин түнөп кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Аталган жай менен 30-48-55 телефону аркылуу байланышууга болот. Директору – Айгүл Сманалиева.

Ленин районунда Трудовой, 10 дарегинде “Боорукердик борбору” оор абалда жашаган балалуу аялдар үчүн кызматта. Бул борбор менен 64-48-71 телефону аркылуу байланышса болот. Директору – Уркуя Исманова, 0550 54 66 22.

Андан тышкары ноябрь айынан март айына чейин шаардык эки районунда бир маал тамак берген жана түнөө үчүн шарттарды түзүп берген убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылат. Бул жайлар кышында күнүнө 100гө чейин үй-жайсыз адамдарды кабыл алат.

Свердлов районундагы баш калкалоочу жай Фере көчөсү, 34-а дарегинде жайгашат. Телефону – 58-03-68, Свердлов районунун даректик социалдык жардам бөлүмүнүн башкы адиси Зеркинбек Мамаев, телефону 360-335, 0556 564-656.

Октябрь районунда баш калкалоочу жай 12-кичирайондо А.Токомбаев көчөсүндө жайгашкан. Телефону 42-64-47. Октябрь районунун социалдык кызмат көрсөтүүлөр тармагынын адиси Сталбек Эсенкулов, телефону 570-392, 0708 880-218.

Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Курманбеков, телефону 62-37-73, 62-42-24, 0558 60 01 01.

Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмү – Миргүл Чыдыева, телефону 61-39-78, 0703 33 00 27.

Пикир

Оставить комментарий