• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Төлөмүш Океевдин таберик сүрөттөрү коюлган көргөзмө ачылат

Маданият 0

Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. Эртең, 19-апрелде Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде кинорежиссер, СССРдин Эл артисти жана дипломат Төлөмүш Океевге арналган “Өткөн замандын элестери” вернисаж сүрөт көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Маалымытка ылайык, көргөзмө саат 15:00дө ачылат, анда Төлөмүш Океевдин мурда жарыяланбаган жаш кезинен берки сейрек жана табылгыс фото сүрөттөрү коюлмакчы.

Уюштуруучулардын айтуусунда, бул вернисаж-көргөзмө Кыргызстандын кино кызматкерлеринин мамлекеттик санариптик жекече фотобазасын түзүүгө негиз болуп берет. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик архивинде Төлөмүш Океев катышкан 8 гана фото сүрөт бар.

Вернисаж көргөзмөнү уюштургандар: Азиза Океева менен “Кыргызфильм” киностудиясында 40 жылдан ашык иштеген кинематографиянын фотосүрөтчү адиси – Александар Федоров.

Пикир

Оставить комментарий