• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте түнүндө тынч болду, талкалоолор жана талап-тоноолор болгон жок - шаардык милиция

Коом 0

Бишкек, 10.10.20 /Кабар/. Бишкекте абал тынч. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирет.

Түндө шаарда кандайдыр бир талкалоолор жана талап-тоноолор болгон эмес.

"Шаардык милиция, аскер жана элдик кошуундардан турган түнкү кайгуул мыйзам бузуу жана кылмыштардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча кызмат өтөштү. Коомдук коопсуздук күч түзүмдөрүнүн жана элдик кошуундун көзөмөлүндө турат. Жеке жана мамлекеттик мүлк, ошондой эле стратегиялык объекттер коргоого алынган", - деп билдиришти шаардык милициядан.

Пикир

Оставить комментарий