• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте түн тынч өттү – милиция

Коом 0

Бишкек, 15.10.20. /Кабар/. Борбор калаада түн тынч жана эч кандай окуясыз өттү. Учурда шаарда жашоо кадимки режимде жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Коменданттык саат аяктагандан кийин шаарга кирип-чыгуу ачык болуп, коомдук транспорттор үзгүлтүксүз жүрөт. Бишкек шаардык милициясы куралдуу күчтөр жана элдик кошуундар менен биргеликте борбор калаанын коопсуздугун күнү-түнү камсыз кылууда.

Ички иштер башкы башкармалыгы коменданттык саат 22:00дөн таңкы саат 05:00гө чейин уланарын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий