• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте түндө коменданттык саатты бузган 37 жаран кармалса, күндүзү 52 адам кармалды – комендант

Коом 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Бишкекте коменданттык саатты бузган 37 жаран кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, кечээ 07:00дөн кечки саат 20:00гө чейин өзгөчө абалдын эрежелерин бузгандыгы үчүн 52 жаран кармалып, райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

"Алардын үстүнөн 56 протокол түзүлгөн", - деди ал.

Ал эми коменданттын саат учурунда – 20:00дөн саат 07:00гө чейин – 37 жаран кармалган. Алардын ичинен үчөөсү чет өлкөлүк жаран.

Өзгөчө абал киргизилгенден бери коменданттык саатты бузган 1 миң 608 жаран кармалган. "Алардын ичинен 1 миң 396сы эркек, 212си аял киши", - деди ал.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий