• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте өтүп бара жаткан адамды карактоо учуру видеого түшүп калган

Укук тартиби 0


Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Бишкекте жолдон өтүп бара жаткан жаранды карактоо учуру видеого түшүп калган. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Д.Ж. аттуу жаран милицияга кайрылып, 15-майдан 16-майга караган түнү М.Рыскулов жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинен өтүп бара жатканда белгисиз адам анын 15,5 миң сомдук "Redmi not 9" телефонун тартып алган жаранга карата чара көрүп берүүнү өтүнүп арыз жазган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин ("Тоноо") негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараланын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган С.А. кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген.

Азыркы учурда иликтөө иштери уланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий