• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте өтүп жаткан Expo Eurasia - Kyrgyzstan көргөзмөсүнө алкачкы күнү эле 1,5 миңдей адам келди

Экономика 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Бишкекте Expo Eurasia - Kyrgyzstan эл аралык универсалдуу өнөр жай көргөзмөсүнүн расмий ачылышы өттү, деп билдиришти Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) басма сөз кызматынан.

Көргөзмөнүн ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев, чет мамлекеттердин элчилери жана ишкерлер катышты.

Эдил Байсалов көргөзмөнү уюштурган Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариевге ыраазычылык билдирип, палатанын активдүү ишин белгиледи.

"Соода-өнөр жай палатасы активдеше баштады. Кыргызстанда эле эмес, чет өлкөлөрдө да көптөгөн көргөзмөлөр өткөрүлөт. Аларга ишкерлер активдүү катышууда. Бул экономикалык-соода байланыштары түзүлүп жатканынан кабар берет”, - дейт Эдил Байсалов.

Ал эми СӨПтүн башчысы Темир Сариев көргөзмө жыл сайын кеңейип, чет элдик катышуучулар, бизнес коомчулугу жана карапайым жарандар үчүн жагымдуу аянтчага айланууда деди.

"Негизги максат ата мекендик өндүрүштү колдоо. 50дөн ашык катышуучу катышып жаткан көргөзмөгө алгачкы күнү эле 1 миң 500дөй адам келди", - деди Сариев.

Белгилей кетсек, бүгүн, 29-мартта Бишкектеги Чокан Валиханов 2 дарегинде жайгашкан "АЮ-Гранд" соода борборунда ачылган көргөзмө үч күнгө созулат. Көргөзмө өнүмдөрдү, жаңы даамдарды татып, жаңы технологияларды жана кызыктуу долбоорлорду көрсөтүүгө уникалдуу аянтча болуп саналат.

Көргөзмөнүн тематикасы:

- кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай продукциялары;
- транспорт жана логистика;
- банктар жана камсыздандыруу компаниялары;
- айыл чарба техникасы;
- энергия;
- эмерек;
- бал жана бал азыктары;
- сүт азыктары.

Ошондой эле көргөзмөнүн алкагында сыр фестивалы жана балдын көргөзмөсү («Apiary 2023») өтүүдө.

Көргөзмөнүн максаты - ички жана тышкы рынокто жогорку сапаттагы ата мекендик жана чет элдик продукцияларды жана кызматтарды жайылтуу. Ишканалардын жана Евразиянын өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык, илимий-техникалык жана маданий өз ара байланышты өнүктүрүү.

Пикир

Оставить комментарий