• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте өтүп жаткан кыска метраждуу тасмалар фестивалы эртең жыйынтыкталат

Маданият 0

Бишкек, 14.12.18. /Кабар/. 12-декабрдан баштап Бишкекте өтүп жаткан «Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү» фестивалынын жыйынтыгы эртең чыгат. Ошону менен бирге фестивалдын жеңүүчүлөрү сыйлыктарын алышат.

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фестиваль "Манас" кинотеатрында өтүүдө. Эл аралык программа боюнча 14 тасма, ал эми улуттук сынакка 15 фильм кирген.

Эртең фестивалга катышкан тасмалар кайталанып коюлат. Иш күндөрү фестивалга барып, тасмаларды көрбөй калган кино сүйүүчүлөр "Манас" кинотеатрына келип тасмаларды көрүп кетсе болот. Көрсөтүүлөр саат 11:00до башталат.

Бул маданий иш-чаранын максаты – киноискусстводогу кыска метраждуу фильмдердин актуалдуулугун арттыруу жана автордук көз караш аркылуу кинематографтагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу.

Пикир

Оставить комментарий