• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте төрөлгөн үч эмге Нурбакыт, Нурмахаммед жана Нурсултан аттуу ысымдар ыйгарылды

Коом 0

Бишкек, 30.12.22. /Кабар/. Бишкекте 2022-жылдын 20-декабрында Аскар Исаковдун үй-бүлөсүндө үч эм төрөлгөн.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, балдарга Нурбакыт, Нурмахаммед жана Нурсултан аттуу ысымдар ыгарылды. Эненин жана балдардын ден соолугу канааттандырарлык абалда.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков, саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев жаңы төрөлгөн ымыркайларды көрүп, төрөт үйүнөн чыгарышты. Исаковдун үй-бүлөсүнө чың ден соолук, бакыт-таалай, ал эми балдарына бактылуу балалык каалап, белектерди тапшырышты.

Пикир

Оставить комментарий