• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте «Түрк дүйнөсүнүн Дүйсени» китебинин таанытымы өттү

Маданият 0

Бишкек, 05.03.18 /Кабар/. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана көркөм өнөр университетинде «Түрк дүйнөсүнүн Дүйсени» китебинин таанытымы өзгөчө жагымдуу маанай менен өттү. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ уюмунан билдиришти.

Китеп ТҮРКСОЙ баш катчысы, Казакстандын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, профессор Дүйсен Касеиновдун ишмердүүлүгүнө арналып, анын 70 жаш мааракесинин урматына чыгарылган. Китептин чыгышына Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги каржылык көмөк көрсөткөн. «Биздин көрүнүктүү маданият ишмерлерибиз, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиев, СССРдин эл артиси Кайыргүл Сартпаева баштап, Муратбек Бегалиев, Мундузбек Тентимишев, Султан Раев, Кайрат Иманалиев, Эрнис Асаналиев сындуу таланттарыбыз астейдил пикирин арнап жаткандан кийин – Дүйсен Касеинов жөнүндөгү бул китеп кыргыз окурманына сөзсүз керек. Андыктан биздин министрлик бул китепти колдоого алды,» – деди салтанаттуу жыйынды ачып жатып Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагулов.
Жыйында Мамашарип Чотонов, Муратбек Бегалиев, Кайыргүл Сартпаева, Самара Токтакунова, Дарика Жалгасынова, Рамис Рыскулов, Кадыралы Конкобаев, Тентимиш Мураталиев,Жедигер Саалаев, Тынчтыкбек Нурмамбетов жана башкалар китеп жөнүндөгү өз пикирлерин ортого салып, айрыкча Дүйсен Касеиновдун өзүнүн кыргыз эли жөнүндөгү «Кыргыз деген түшүнүк менен скрипка деген түшүнүк менин жан дүйнөмө катар кирген» аттуу кенен маеги анын кыргыз элине болгон улуу сыйын чагылдырып тураарын белгилеп өтүштү.
Кеченин жүрүшүндө акындар Гүлсара Момунова, Карбалас Бакиров, Гүлжамила Шакирова, Бактыгүл Чотуровалар арноо ырларын окуп, Кундуз Карыппаева менен Мээрим Карыпова обон созуп, жаш комузчулар «Маш ботой» күүсүн тартуулашты. Өз кезегинде ТҮРКСОЙ баш катчысы, Казакстандын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, профессор Дүйсен Касеинов кыргыз туугандарынын мындай баа жеткис белеги үчүн ак дилден чыккан алкышын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий