• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун Бажы башкармалыктарынын отуруму өттү

Коом 0

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. Кечээ, 9-июнда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун Бажы башкармалыктарынын башчыларынын 8-отуруму өттү. Бул тууралуу КР Бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Б.К.Амреев жана Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын бажы кызматтарынын делегацияларынын башчылары катышып, кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

"Отурумда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттерде заманбап санариптик инструменттерди колдонуу аркылуу (e-TIR, e-Permit жана e-CMR) транспорттук жана транзиттик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, тиешелүү эл аралык уюмдар менен кызматташууда биргелешкен семинарларды уюштуруу маселеси көтөрүлүп, бул демилгени Өзбекстан жана Түркмөнстанга келечектүү кеңейтүү менен "Жибек жолу демилгеси" жана "Караван-сарай" долбоорлорун улантуу, "Караван-сарай" Заманбап Жибек-Жолу долбоору боюнча Түрк мамлекеттер уюмунун көрсөтмө турун уюштуруу талкууланды", - деп айтылат маалыматта.

Анда кабыл алынган сүйлөшүүлөр кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин бажы администрацияларынын практикалык өз ара аракеттенүүсүнө багытталган.

Белгилей кетсек, эл аралык иш-чара ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий