• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте түрк тилдүү өлкөлөрдүн кино күндөрү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Бишкекте түрк тилдүү өлкөлөрдүн кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрилигинен кабарлашты.

Тасмалар “Манас” кинотеатрында 13нөн 15-сентябрь күндөрү көрсөтүлөт. Ачылыш аземге Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын өкүлдөрү, депутаттар, маданият ишмерлери, режиссерлор жана аниматорлор катышат.

Фестивалдын программасында: Азербайжандын “Кызыл бакча”, Казакстандын “Оралман”, Кыргызстандын “Түнкү кырсык”, Түркиянын “Буудай” жана “Айла” тасмалары бар.

Пикир

Оставить комментарий