• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин билим берүү министрлеринин V жыйыны башталды

Коом 0

Бишкек, 15.03.19 /Кабар/. Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө өлкөлөрдүн билим берүү министрлеринин V жыйыны башталды. Ал Кыргызстандын билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Күн тартибинде түрк университеттеринин Биримдигинин ишмердиги, билим берүү тармагындагы адистер үчүн тажрыйба алмашуу программасы, мектеп өнөктөштүгү долбоору, ошондой эле Түрк академиясы боюнча маселе каралат.

Иш чарада аталган Кеңештин катчылыгынын өкүлдөрү, КРнын Билим берүү министрлиги, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Венгриядан келген делегация катышууда.

Пикир

Оставить комментарий