• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин экономика министрлеринин жолугушуусу өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТТМКК) экономика министрлеринин 8-жолугушуусу өтүүдө.

КРнын экономика министри Олег Панкратов Кыргызстан кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарынын алкагында ТТМКК мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча чараларды ишке ашырууну улантып жатканын белгиледи.

“ТТМККга мүчө бардык мамлекеттердин ортосундагы экономика тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө менен биз аталган жолугушуунун аянтчасын экономикалык мүнөздөгү эң актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча тажрыйба алмашуунун мүмкүнчүлүгү катары колдонуп жатабыз”, - деди Панкратов.

Аталган жолугушуунун ишине Азербайжан, Казакстан, Түркия, Венгрия жана Түрк кеңешинин катчылыгынын өкүлдөрү катышууда.

Бир күн мурда ТТМККга мүчө мамлекеттердин жана Түрк кеңешинин катчылыгынын эксперттеринин катышуусунда экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун 10-отуруму өткөн.

ТТМККга мүчө мамлекеттердин экономика министрлеринин жолугушуулары жыл сайын өтөт. Сүйлөшүүлөрдүн күн тартиби инвестициялык климатты жакшыртуу, экономикалык диверсификацияны жогорулатуу, соода жана ишкердикти өнүктүрүү маселелерин талкуулоону камтыйт.

Аталган жолугушуу өлкөлөрдүн арасындагы экономикалык мамилелердин келечегин талкуулоо мүмкүнчүлүгүн түзөт жана алдыдагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча жалпы позицияны иштеп чыгууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий