• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга гумжардам чогултулууда

Коом 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинде жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункту ачылды.

Учурда жарандар жана компаниялар тарабынан гуманитардык жардам көрсөтүлө баштады.

Алсак, “Дордой” базарынын бир катар ишкерлери Кыргызстанда тигилген 500 даана жууркан тапшырды.

Ошондой эле "УММА" ислам журналынын кызматкерлери шаардыктар тарабынан чогулган каражатка сатып алынган гуманитардык жардамдардын топтомун тапшырды.

Соода-өнөр жай палатасы Түркиянын шаарларындагы жер титирөөдөн жабыркагандарга каржылык колдоо көрсөтүп, биринчи керектелүүчү жардамга 100 миң сом которду.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Учурда Түркиядагы табият кырсыгынан каза болгондор 5 миң 894, ал эми жабыркагандар 34 миң 810 адамга жеткени кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий