• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте ТҮРКПАнын айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясынын 4-жыйыны өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Бишкекте Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПАнын) айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясынын 4-жыйыны өтүүдө.

Генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдердин (ГМО) жайылышынын кесепеттери боюнча маселе комиссиянын отурумунун күн тартибинин негизги темасы болду. Отурумга Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Түркиянын парламенттеринин депутаттары катышты.

ТҮРКПАнын комиссиясынын айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча төрагасы, Азербайжандын Милли Межлисинин саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Ахлиман Амирасланов өз сөзүндө Стамбулда “Мыйзам чыгаруу жана генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдер тармагындагы практика” темасында өткөн семинардын маанилүүлүгүн белгиледи. Анда катышуучулар бул тармактагы абал жана жасалган иштер тууралуу адистерден кенен маалыматтарды алышкан.

Ошондой эле ал ТҮРКПАнын өлкөлөрү флора, өсүмдүк катмарынын ар түрдүүлүгүнө жана айыл-чарба маданиятынын тектерине бай экендигин белгилеп, улуттук мыйзам чыгаруу системаларын жакшыртуу, минималдык тобокел менен илимдин жетишкендиктеринен киреше алуу жолу менен бай био ар түрдүүлүктү сактап калуу максатында күч жумшалышы керектигин айтты.

Комиссиянын аталган маселе боюнча учурдагы абалды түшүнүү, мыйзам чыгаруудагы боштуктарды анализдөө, катышуучу-өлкөлөрдүн арасында оң тажрыйбаны жаюу үчүн сессия өткөрүүсү маанилүү.

Пикир

Оставить комментарий