• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте ТҮРКПАнын тармактык комиссияларынын жыйыны өтөт

Коом 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Эртең, 14-сентябрь күнү Бишкек шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын 6-жыйыны, Айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясынын 4-жыйыны болот. Аны менен катар Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын 6-жыйынынын алкагында кино жана анимация жаатында кызматташуу боюнча семинар өткөрүлөт. Семинарга ТҮРКПАга мүчө-мамлекеттердин Маданият министрликтеринин өкүлдөрү, кино жана анимация тармактарындагы адистер, режиссерлор, аниматорлор катышмакчы. Бул тууралуу ТҮРКПАнын катчылыгынан кабарлашты.

ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын 6-жыйынында Түрк тилдүү өлкөлөрдө түрк маданиятынын, мурасынын бир бөлүгү болуп саналган кино жана анимация жаатында тажрыйба алмашуу, мыйзамдык базаларды аныктоо менен өнүктүрүү боюнча талкуу жүрөт.

Ал эми Айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясынын 4-жыйынында генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдердин (ГМО) жайылышынын кесепеттери боюнча маселе каралмакчы.

Аталган комиссиялардын жыйындарында талкууланган маселелер боюнча сунуштама кабыл алынып, ТҮРКПАнын алдыда боло турган пленардык жыйынына сунушталат.

Иш-чараларга ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөр – Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламент депутаттары катышат.

Пикир

Оставить комментарий