• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте ТҮРКСОЙ Жаштар камералык оркестринин концерти өттү

Маданият 0

Бишкек, 05.09.19. /Кабар/. Бишкекте Түрк Кеңешинин түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата Мадания, маалымат жана туризм министрлиги менен Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун биргелешкен ТҮРКСОЙ Жаштар камералык оркестринин концерти өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Жаштар камералык оркестр ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 27-Туруктуу Кеңешинин чечими менен 2010-жылы түзүлгөн.

"ТҮРКСОЙ Жаштар камералык оркестрине түрк тилдүү элдердин алдыңкы консерваторияларынын таланттуу бүтүрүүчүлөрү тандалып алынган. Бүгүнкү күнгө чейин оркестр Европанын, Американын жана Азиянын 30дан ашык өлкөлөрүндө 60тан ашык концерттер уюштурулуп, эл аралык аренада абдан белгилүү жамааттардын бирине айланды", - деп айтылат маалыматта.

Түрк Кеңешинин түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган концерт Казакстандын Туркестан, Шымкент жана Тараз шаарларында өттү. Азербайжандын Баку шаарына 9-сентябрь күнү тартууланат.

Аталган оркестр жалпы 7 концерт тартуулайт.

Эске салсак, аталган оркестрдин курамында Кыргызстандан Талантбек Молдоканов, Аккыз Идрисова, Нурай Жолбунова жана Айжан Канатбек сыяктуу талантуу жаштар бар.

Пикир

Оставить комментарий