• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте өтө турган ЕБ-БА биринчи экономикалык форумуна Германиянын экономика жана энергетика министри чакырылды

Саясат 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. 28-январда Берлин шаарында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Германиянын экономика жана энергетика федералдык министри Петер Альтмайер менен жолуккан. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-герман экономикалык кызматташтыгынын учурдагы маселелерин кыска талкуулашты жана эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүнүн кеңейишинин маанилүүлүгүн белгилешти.

"Министр Айдарбеков П.Альтмайерди 2020-жылдын экинчи жарымында өтүүсү пландалган ЕБ-БА биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды. Герман экономикасынын өкүлдөрүнүн аталган форумга катышуусу эки өлкөнүн ишкердик чөйрөлөрү үчүн жаңы шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн баса белгиледи", - деп кошумчалашты ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий