• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте өтө турган эл аралык марафондун программасы

Коом 0

Бишкек, 22.10.22. /Кабар/. Бишкекте 23-октябрда M Bulak Kuz Demi эл аралык кайрымдуулук марафону өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жөө күлүктөр марафон – 42,2 чакырым, жарым марафон – 21,1 чакырым, ошондой эле 10 чакырым жана 5 чакырым аралыктарды чуркай алышат. Ал эми балдар 300 метр, 500 метр жана 1000 метрге чуркашат”, - деп айтылат маалыматта. Жарыштын маршруту Бишкек-Манас аэропорту унаа жолунун тилкесинде өтөт. Баштапкы жана аяктоочу жери Аска-Таш мемориалдык комплексинде.

Иш-чаранын программасы:

Саат 7:00 – алып баруучулар тарабынан иш-чаранын расмий ачылышы;
Саат 7:00-7:05 –Кыргыз Республикасынын гимни;
Саат 7:05-7:10 – Тамга менен Миландын чыгуусу;
Саат 7:15-7:20 – алып баруучулардын марафон тууралуу маалымат берүүсү;
Саат 7:20-7:40 – расмий өкүлдөрдүн сөздөрү;
Саат 7:40-7:45 – брифинг;
Саат 7:45-7:55 – башталыш алдындагы көнүгүү;
Саат 8:00 – 42 км жана 21 км аралыкка старт;
Саат 8:10 – 10 км аралыкка старт;
Саат 8:20 – 5 км аралыкка старт;
Саат 9:00 – оюн-зоок;
Саат 10:00дөн баштап Change Fitness программасынан жөө күлүктөр үчүн стретчинг жана массаж;
Саат 10:00 – жандуу музыка Rolling Papers;
Саат 10:00 – 5 км аралыкта жеңүүчүлөрдү сыйлоо;
Саат 11:00-11:30 – AES Baldar Run балдар чуркоосу;
Саат 12:30 – 10 жана 21,1 км аралыкта жеңүүчүлөрдү сыйлоо;
Саат 13.00 – оюн-зоок программасы;
Саат 14:30 – мелдештин контролдук убактысы аяктайт.
Саат 13:30 – 42 км аралыкта жеңүүчүлөрдү сыйлоо
Саат 15:30 – спорттук иш-чаранын жабылышы.

Пикир

Оставить комментарий