• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте “Таңшы комуз” иш-чарасы өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдында комуз күнүнө арналган “Таңшы комуз” иш-чарасы өтүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Майрамдык салтанатты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргеликте өткөрүүдө.

Иш-чара белгилүү комузчулар, М.Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп-интернатынын, Бишкек шаардык маданият башкармалыгынын “Акак” комузчулар ансамблинин, Эл аспатар оркестри, Балдар искусство мектептеринин жана П.Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин таланттуу улан-кыздарынын катышуусунда өтөт.

Иш- чара түз эфирде “Маданият. Тарых. Тил” каналы аркылуу көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий