• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте таанышынан 90 миң сом алып, качып кеткен жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.11.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБ кызматкерлери таанышынан курулуш материалдарын алууга 90 миң сом карызга алып, качып кеткен адамды кармашкан. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, аталган факты Биринчи май райондук ИИБде каттоого алынып, КРнын Кылмыш кодексинин 166-беренесине ("Алдамчылык") ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда 36 жаштагы А.К. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий