• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте таэквон-до ITF боюнча шаардын ачык биринчилиги болуп өттү

Спорт 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Бишкекте балдар жана өспүрүмдөр арасында таэквон-до ITF боюнча шаардын ачык биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 15-декабрда өтүп, ага Бишкек, Токмок, Кант, Балыкчы жана Маевка менен Ленин айылынан 200дөй спортчу катышты.

Таймаштын жыйынтыгында Москвада өтө турган эл аралык мелдешке катыша турган спортчулар белгилүү болду.

Биринчиликтин "тули" түрүндө Арлен Черикбаев, Илия Нозадзе, Эльзада Матиева, Ализа Есиналиева, Каусара Есенбекова жеңүүчү аталды.

Пикир

Оставить комментарий