• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте таэквондо боюнча ачык чемпионат өтөт

Спорт 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 4-декабрында Кожомкул атындагы спорт ордосунда Дүйнөлүк таэквондо боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өтөт.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, чемпионатка Бишкек шаарынын бардык командалары, ошондой эле Чүй, Ош, Баткен облустарынын, Казакстан жана Өзбекстандын спортчулары катышат.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы КР Таэквондо академиясы менен биргеликте уюштурууда.

Мелдеш саат 09:00дө башталып, саат 13:00дө расмий ачылыш аземи болмокчу.

Пикир

Оставить комментарий