• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте таэквондо GTF боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Бишкекте таэквондо GTF боюнча дүйнө чемпионаты менен биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Борбор калаадагы мелдеш 24-31-июлда өтүп, ага 20дан ашык өлкөдөн 1500дөй спортчу катышат.

“Мындай масштабдуу спорттук иш-чараны өлкөбүздүн борборунда өткөрүү Кыргызстандагы спортту өнүктүрүүгө кубаттуу түрткү болот”, - деп айтылат маалыматта.

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин колдоосу менен өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий