• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте тай боксу боюнча Кыргызстандын XII ачык чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 13-март /Кабар/. 23-26-мартта Бишкектеги “Ахилес-Ленин” спорттук клубунда Адеп, ыйман жана маданият жылына арналган тай боксу боюнча Кыргызстандын XII ачык Чемпионаты өтөт. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдештерди өткөрүүнүн негизги максаттары республикада “муай-тай” тай боксун жайылтуу, спортчулардын чеберчиликтерин жогорулатуу жана кесипкөй эл аралык турнирлерге катышууга күчтүү спортчуларды аныктоо болуп саналат. Мелдештерге республиканын бардык аймактарынан 1999-жылы туулган жана андан жогору жаштагы эркек, аялдар катышат.

Эркектер: 45, 48, 51, 54, 57, 60, 63,5, 67, 71, 75, 81, 86, 91кг жана андан жогору;

Аялдар: 45, 48, 51, 54, 57, 60, 63,5, 67, 71, 75, 81 кг салмак категорияларында беттешет. Чемпиондор жана сыйлык ээлери КРнын олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча Дирекциясынын дипломдору, медалдары менен сыйланат.

КРнын олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча Дирекциясынын бюджетинен мелдештерди өткөрүүгө 63 миң сом бөлүндү.

Пикир

Оставить комментарий