• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте тайгалактан бир күндө 21 адам жабыркады

Ден соолук 0

Бишкек, 28.12.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте кечээ, 27-декабрда тайгалактан 21 адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борборунун кеңешчиси Елена Баялинова билдирди.

Анын айтымында, биринчи калың жааган кар жана тоңголок шаардык чарбаны эле эмес, медицина кызматкерлерин дагы түйшүккө салды. Бир нече саатта шаарда жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн кооптуу жагдай түзүлдү.

Калаанын медициналык-кеңеш кызматтарынын жана спорттук медицина борборунун жаракаттар бөлүмүнүн башчысы Долосбек Соромбаев билдиргендей, 27-декабрда шаардык жаракат пунктуна 50 адам кайрылып, алардын 21и көчөдө тайгаланып жыгылгандар болгон.

“Тайгалакта алган жаракаттардын арасында каржиликтин сынышы, кокустатуу жана чоюу көп. Өткөн жылга салыштырмалуу жыгылуулар азайды деп айта албайм”, - деди Соромбаев.

Белгилей кетсек, Манас проспектиси менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги травмотология бөлүмүнүн кызматкерлери, Кривоносов 206 көчөсүндөгү Бишкек илимий-изилдөө травматология жана ортопедия борборунун кызматкерлери күнү-түнү иштеп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий