• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте такси кызматында иштеген кыздын жансыз денеси табылды

Коом 0

Бишкек, 29.08.19. /Кабар/. Бишкектеги үйлөрдүн биринен 25 жаштагы кыздын сөөгү табылганды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Милициядан билдиришкендей, 28-август күнү болжол менен саат 20:00дө 9-январь көчөсүндө жайгашкан жер үйдө бир кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматына каза болгон кыздын курбусу чалган.

Милиция кызматкерлери окуя жерине барышкан.

Жансыз денеси табылган кыз 25 жаштагы К.К. экенин аныкталган. Ал үйдү ижарага алып, борбордогу такси кызматында иштеп келгени белгилүү болгон.

Биринчи Май райондук милициянын Тергөө кызматы аталган фактыны Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алган.

Зарыл болгон соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий