• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Борбордо талаптагыдай жолдор салынууда

Коом 0

Бишкек, 12-июль /Кабар/. Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан борбор калаадагы жаңы салынып жаткан жолдордун сапаты текшерилип жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, учурда Бишкек шаарынын 49 көчөсүндө оңдоп-түзөө жана кайра куруу иштери жүрүп жатат. Алсак Түштүк магистралдан тартып, Саякбай Каралаев көчөсүнө жаңыдан асфальт төшөлүп жаткан учуру. Текшерүүдө негизги талаптар асфальттын төшөлүшү, кайчылаш бурчтар, жолдун кенендиги жана жыштыгы болуп эсептелинет.

"Жол салуунун ар бир этабында инспекторлор тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүп, кийинки этабына уруксат берилет . Курулуш иштеринде колдонулган материалдардын сапаты атайын лабараториялардан текшертилет. Ал эми Медеров көчөсүндө жол салуу иштери аяктап калды. Аталган көчөнүн иштери май айында башталып жакынкы күндөрү колдонууга берилген жатат. Курулуш иштериндеги кетирилген кемчиликтер өз убагында жокко чыгарылып, техникалык талаптарга жооп берген жолдор салынып жаткандыгын Мамэкотехинспекциянын өкүлдөрү баса белгилешти", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий