• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте талаптарга жооп бербеген жарнамаларды алуу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Бишкекте талаптарга жооп бербеген жарнамаларды алуу иштери улантылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Токтогул көчөсүнүн Калык Акиев көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки бөлүгүндө алуу иштери жүргүзүлүп, 12 жарнамалык штендер, 20 жарнамалык пано, 35 жарнамалык баннер алынды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын талаптарына жооп бербеген жана уруксатсыз орнотулган жарнамаларды алууда.

Пикир

Оставить комментарий