• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте тамактан уулангандардын жалпы саны 318 адамга жетти

Ден соолук 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында тамактан уулангандардын жалпы саны 318 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 22 жабырлануучу стационардык дарылануусун улантып жатат, анын бешөөсү балдар. Улуттук госпиталда – 3, балдар ооруканасында – 5, темир жол ооруканасында – 14 адам.

Эскерте кетсек, “Империя пицца” кафе тармактарында роллдон массалык уулануу болгон.

Бишкекте тамактан массалык уулануу окуясына байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери өлкөнүн бардык аймагындагы тамак-аш сатуучу жайларды текшерет.

Пикир

Оставить комментарий