• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте тамеки чегүү мыйзамын бузган 2 кафеге 26 миң сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Бишкекте тамеки чегүү мыйзамын бузган 2 кафеге 26 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тамеки тартуу мыйзамынын эрежелерин сактабагандарга айып салынат.

Октябрь районундагы коомдук тамактануу жайларында рейддерди акимчилик, Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун инспекторлору менен биргеликте жүргүзүүдө.

Комиссия тарабынан мыйзам талаптарын бузган 4 мекеме текшерилип, «Кавказский дворик» кафесине жана «Элемент» кафесине КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 84-беренесине ылайык 26 миң сом өлчөмдөгү протокол түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий