• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте таштанды ташуучу унаанын айдоочусу уктап кетип, үч унааны сүзгөн

Кырсык 0

Бишкек, 14.08.22 /Кабар/. Бүгүн эртең мененки саат 7:00дөр чамасында Бишкектин Юнусалиев көчөсүндө жол кырсыгы катталды.

“Кабар” агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиргендей, алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу рулда уктап кетип, Honda Fit үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган. Honda Fit унаасы катуу соккудан жакын жерде токтоп турган эки унааны сүзгөн.

Кырсыктан жабыркагандар жок. Эки унаа айып аянтчасына коюлду.

Пикир

Оставить комментарий