• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте таштандыларды бөлүп чогултуу үчүн аянтчалар орнотулат

Коом 0

Бишкек, 27.09.22. /Кабар/. Бишкек мэриясында калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун жетекчилиги астында таштандыларды бөлүп чогултуу боюнча пилоттук долбоорду уюштуруу үчүн жыйын өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Шаарды өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин өкүлдөрү катуу таштандыларды өзүнчө бөлүп чогултууну уюштуруу тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Ташкентке иш сапары менен барышкан.

Сапардын жыйынтыгында ар бир районго бирден таштанды чогултуучу жай орнотуу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий