• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таштандыны кайра иштетүүчү ишкана куруу. Бишкекте протоколго кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Бишкек мэриясы менен чехиялык HDT Impex s.r.o. жана ReGreen s.r.o. компаниялар консорциумунун ортосунда кызматташуу ниети жөнүндө жана таштанды иргөөчү комплекстин курулушу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча протоколго кол коюлду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, документке мэр Эмилбек Абдыкадыров жана консорциумдун өкүлдөрү Ярослав Веб жана Камила Данишова кол койду.

"Кол коюлган документтин алкагында борбор калаанын мэриясы, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана муниципалдык ишканалары Чехия компанияларынын консорциумуна долбоордук иш-чараларды ишке ашыруу процессине ар тараптуу жардам көрсөтүшөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, долбоордун өзү жана техникалык-экономикалык негиздемеси курулуш материалдарынын, буюмдарынын, конструкцияларынын калдыктарын Кыргызстандын аймагына жайгаштыруу эрежелери жөнүндө КР президентинин жарлыгынын негизинде иштелип чыгат.

Пикир

Оставить комментарий