• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Татарстандын президентинин катышуусунда ишкердик форум өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Бишкекте КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев жана иш сапары менен Бишкекке келген Татарстандын президенти Рустам Миннихановдун катышуусунда “Кыргызстан – Татарстан” ишкердик форуму өтүп жатат.

Белгилей кетсек, ишкердик форуму Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бизнес өкүлдөрү ортосундагы ишкердик мамилелерди түзүү үчүн маанилүү окуя болмокчу.

Ошондой эле форум жаңы бизнес-байланыштарды жөнгө салуу жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн ортосунда конструктивдүү диалогду куруу жана кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачуу үчүн аянтча катары кызмат кылып, мындан тышкары, келечекте эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга негиз түзөт.

Иш-чаранын алкагында өлкөлөр ортосундагы келишимге кол коюу, пленардык талкуу жана “B2B” жолугушуулары күтүлүүдө.

Форумга Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Уводиченко, КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Татарстандын премьер-министринин орун басары – өнөр жай жана соода министри Альберт Каримов, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Татарстандан келген бизнес-делегация жана ата мекендик ишкерлер катышууда.

Пикир

Оставить комментарий