• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте брусчаткаларды жаңыртуу иштери жүрүүдө — мэрия

Коом 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Аба ырайынын жылышы менен «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин күчөтүштү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, калаанын борборунда брусчаткаларды алмаштыруу башталды.

"Учурда Ак үйдүн айланасында, Чүй проспектисинин түндүк тарабындагы Логвиненко көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин брусчаткаларды жаңылоо иштери жүрүп жатат. Жакында Т.Турсунбаева, Достук гүл бакчасында, Өкмөт үйүнүн жана Ленин эстелигинин айланасында, Өкмөттүк гүл бакчада жана Ала-Тоо аянтында брусчаткаларды алмаштыруу пландаштырылууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий