• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте “Тазалык” ишканасынын кызматкерлерине азык-түлүк таратылды

Коом 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. «Элим барсыңбы» кайрымдуулук фонду «Сапат» лицейинин бүтүрүүчүлөрү менен биргеликте «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 100 кызматкерине азык-түлүк баштыктарын таратты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, азык-түлүк баштыгына макарон, өсүмдүк майы, ун, жүгөрү, кесме, коюлтулган сүт, чай, томат пастасы, кант, күрүч жана гречка салынган.

Фонддун өкүлдөрү "Тазалыктын" кызматкерлеринин баа жеткис эмгегин белгилеп, алардын ак ниет эмгеги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти.

Өз кезегинде, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жамааты “Элим барсыңбы” фондунун өкүлдөрүнө, ошондой эле “Сапат” лицейинин бүтүрүүчүлөрүнүн демилгеси үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий