• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте "Тазалыктын" дагы бир кызматкерин унаа сүзүп, каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 19.12.21 /Кабар/. Бишкекте кечээ, 18-декабрда түнкү саат бир жарымдар чамасында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерин “Ала-Тоо” ресторанынын маңдайынан унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, унаа сүзгөн адам окуя болгон жерде каза болгон.

Белгиленгендей, маркумдун үй-бүлөсүнө борбор калаанын мэринин резервдик фондунан 50 миң сом суммасында жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле "Тазалык" муниципалдык ишканасы каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө КР Эмгек кодексинде белгиленген тартипте кенемте төлөп берет.

Ведомстводон кошумчалашкандай, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев эки каргашалуу окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.

Муниципалитеттен белгилешкендей, шаардык кызматтын кызматкерлери жарык чагылдыруучу чыптама кийип иштейт, бирок ага карабастан мындай кырсыктар орун алууда.

Бишкек шаарынын мэриясы маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Ошондой эле айдоочуларды жолдордо этият болуп, ылдамдыкты жана жол эрежесин сактоого чакырат.

Эскерте кетсек, бир жуманын ичинде “Тазалыктын” экинчи кызматкерин унаа сүзүп кетүүдө. Буга чейин 12-декабрда Жибек-Жолу проспектисинде ишкананын дагы бир кызматкерин унаа сүзүп, ал каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий