• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерлери көчөлөрдү жууп-тазалоодо

Коом 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көчөлөрдү, аялдамаларды, тосмолорду, бордюрларды жана отургучтарды жууп баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошол эле учурда урналарды жана отургучтарды оңдоо, сырдоо иштери жүрүп жатат.

"Жекшемби күнү нөөмөткө 294 тазалоочу, 120 жүктөгүч 54 атайын техниканын катышуусу менен кадимки режимде иштешти. Контейнерлерден катуу тиричилик таштандыларын чыгарып 100гө жакын адам иштөөдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле борбордун фонтандарын жайкы сезондун ачылышына даярдоо жүрүүдө.

"Күздөн бери биз пландаштырылган оңдоо жана техникалык тейлөө иштерин жүргүзүп жатабыз: бардык клапандар иретке келтирилди, электр кыймылдаткычтары бекемделди, клапандар менен насостордун ортосундагы болттор, электр кыймылдаткычтарынын жана насостордун подшипниктери алмаштырылды, электр кыймылдаткычтарынын кабелдери даттан жана башка көптөгөн нерселерден тазаланды", - деп кошумчалашты муниципалитеттен.

Учурда "Тазалык" ишканасы фонтандардын бардыгын топурактан, кумдан жана таштандылардан тазалап, түтүктөрдү жана тумбаларды сырдоодо.

Фонтандардын ишке кирүү датасы жөнүндө кошумча маалымат берилет.

Эске салсак, “Тазалыктын” балансында 16 фонтан комплекси бар.

Пикир

Оставить комментарий