• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Тэг-регби боюнча эки турнир өттү — сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Бишкектин Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын спорт аянтчасында Тэг-регби боюнча эки турнир өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирет.

Ал күнү 20 жана андан жогору жаштар арасында Тэг-регби боюнча өлкө чемпионаты, ошондой эле 14 жашка чейинкилер арасында Чүй облусунун биринчилиги өттү. Чоңдор жана өспүрүмдөр арасында жалпы 12 команда күч сынашты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Кыргызстандын чемпионаты:

1-орун – Чүй облусу;
2-орун – “Южка” командасы (Бишкек);
3-орун – Ноомад колледжи (Бишкек).

Чүй облусунун биринчилиги:

1-орун – “Чүй 1” командасы;
2-орун – Нарын облусу;
3-орун – “Чүй 2” командасы.

Тэг-регби – командалык оюн, эки команданын оюнчулары топту бири-бирине берип, атаандашынын талаасынын төрүнө чейин чуркап барышы керек. Ал эми экинчи жак, атаандашына тийбестен анда илинип турган лентаны (тэг) жулуп алышы керек. Ал учурда лентадан ажырап калган оюнчу топту дароо шеригине ыргытышы зарыл. Тэг-регби коопсуздук жана баарына жеткириликтүүлүгү менен өзгөчөлөнөт.

Пикир

Оставить комментарий