• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте телефон уурдап жүргөн бала кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.03.19. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунда телефон уурдаган адам кармалды. Милиция анын колунан жабыр тарткандарды издөөдө.

Шаардык милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, эки ай мурун милицияга Бишкек шаарындагы базарлардын аймагында белгисиз бир адам башка жарандын телефонун чалып алууга сурап, ошо бойдон телефонун кайтарбай качып кеткендиги тууралуу арыз түшкөн. Уурдалган уюлдук телефондун баасы 15 миң сомду түзгөн.

“Аталган факт Свердлов райондук милиция бөлүмүндө катталып, КРнын Кылмыш жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон”, - деп айтылат маалыматта.

Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү делип 27 жаштагы А.у.Ж. кармалган. Ал буга чейин дагы ушундай кылмыштар үчүн соттолгон. Учурда анын башка ушул сыяктуу фактыларга тиешеси текшерилүүдө. Аны бир айга №1 тергөө абагына алуу тууралуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.

Милиция кызматы бул жарандын колунан жабыр тарткандарды 0(709) 17-10-10, 0(555) 102-695 телефондору аркылуу Свердлов райондук милиция кызматына билдирүүнү суранат.

Пикир

Оставить комментарий